24.kg
16:56, 26 апреля 2021, 24.kg

Бишкекте 24 мектептен COVID-19дун учурлары катталды

Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын 138 учуру катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгилүү болгондой 14-апрелде шаардык билим берүү мекемелеринде офлайн жана онлайн режиминде окуу башталган.

26-апрелге карата 14 мектеп аралыктан окутууга өткөн: 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 (орто мектеп мекемелери).

2 бала бакча карантинге жабылган: № 12 жана № 112.

Мындан тышкары, 24 мектепте COVID-19дун учурлары катталган, анда мектептер ишин улантууда, 18 класс онлайн окутууга өткөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18