24.kg
09:33, 26 апреля 2021, 24.kg

Лейлекте суу сактагыч курулат

Лейлек районунун Козу-Баглан суусуна суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь, октябрь айларына чейин суу сактагычтын долбоорун түзүү пландаштырылган. Ал «Ак тоок» деп аталмакчы.

Долбоордун түзүүчүлөрүнө тапшырма берилип, учурда алар суу сактагыч курулуучу аймакта иштеп жатышат.

Ал Баткен облусу менен чектешкен Тажикстандын Гафуров жана Худжант шаарларына ичүүчү суу Лейлек районунун аймагынан бара тургандыгына, сууну коңшулаш республикага берип коюп, Лейлектин талаалары суусуз кургап жатканына токтолду.

Ташиев «эгерде бул суу сактагыч курулса, анда чек ара маселеси чечилерин» билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18