24.kg
17:18, 23 апреля 2021, 24.kg

Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасы май айында келет

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргызстанга май айында Австриядан Оксфорд университети менен «AstraZeneca» компаниясы иштеп чыккан вакцина келерин билдирди. 

Бир күн мурун Орусиядан келген «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы аймактарга бөлүштүрүлө баштаганын билдирди.

Ошондой эле, 29-мартта Кытайдын «SinoPharm» препараты менен эмдөө башталганын, каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып вакцина алса болорун белгиледи.

20-апрелде COVAX эл аралык программасынын алкагында Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту келген.

Расмий кабарга ылайык, Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18