24.kg
17:15, 23 апреля 2021, 24.kg

COVID-19. Жума намаз, даваат, ооз ачарга тыюу салуу сунушталды

Бишкек шаардык Санитардык-эпидиомологиялык көзөмөл борбору муфтиятка кайрылып, жума намазды, даваатты, ооз ачарды жана айт намазын тыюу салууга чакырды.

Муфтияттын маалыматында, сунуш азыр каралууда. Бирок, мечиттерде ооз ачар уюштурууга орозонун башында эле тыюу салынган.

«Жума намазда санитардык нормаларды сактоо тапшырышы дагы Рамазан айынын башында берилген. Азыр биз катты карап жатабыз», — деп билдирди муфтияттан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы дагы ушул кезде жума намазга тыюу салынып, орозонун аягында Айт намазы өткөн эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18