24.kg
11:02, 23 апреля 2021, 24.kg

Казакстанда латын графикасына негизделген казак алфавитинин жаңы долбоору талку

21-апрелде нормативдик укуктук актылар долбоорунун сайтында «Казак тилинин алфавитин кирилицадан латын графикасына которуудагы айрым маселелер тууралуу» казак президентинин жарлыгынын долбоору жарыяланды. Талкуу 6-майга чейин болот.

2021-жылы январь айында казак алфавитинин жаңы варианты жарыяланган. Анда латын арибиндеги базалык 31 символ жана казак тилине таандык 28 тыбыш толугу менен камтылган. Азыркы ә(ä), ө(ö), ү(ü), ұ(ū) жана ғ(ğ), ш(ş) тамгалары диакритикалык тамгалар менен берилген.

Эл аралык колдонууда бар умляут ( ̈ ), макрон ( ˉ ), седиль ( ̧), бревис ( ̌ ) диакритикалык белгилери киргизилген.

Казак өкмөтү жаңы алфавитке өтүү жараянын 2023-жылдан 2031-жылга чейин жүргүзүүнү пландап жатат.

2017-жылдан бери бул вариант — Казакстанда каралган төртүнчү расмий сунуш болуп саналат.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18