24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА
10:32, 23 апреля 2021, 24.kg

Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасы алынып келинди

Кыргызстанга 40 миң даана «Спутник V» вакцинасы алынып келинди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан 60 миң вакцинага келишим түзүлгөн.

«Кечээ Кыргызстанга 20 миң вакцина келди. Май айынын башында дагы 40 миң келет. Ар бир доза 10 доллар турат. Андан сырткары, дагы 1 миллион дозага буйрутма жөнөттүк. Аны дагы кезеги менен алып келебиз», — дейт Улук-Бек Бектурганов.

Россиянын вакцинасы бүгүндөн баштап аймактарга жөнөтүлө баштайт.

«Жарандар каалаган вакцинасы менен эмделе алышат. Кааласа кытайдыкын, кааласа орустукун алат. Алгач көп илдеттер менен жабыркагандар жана 65 жаштан өйдөнкүлөр чакырылат. Андан кийин калоочулардын баары ала алышат», — дейт Улук-Бек Бектурганов.

Министрликтин маалыматында, 22-апрелге карата Sinopharm вакцинасын 13 миң 552 киши алды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18