24.kg
11:10, 22 апреля 2021, 24.kg

Теңирчиликти жактаган Гүлзат Аалиеваны ИИМ кармады

Теңирчиликти жактаган Гүлзат Аалиеваны ИИМ кармады. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Бишкек шаардык Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 19-февралда Д.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Facebook социалдык тармагында диний жана аймактык кастыкты козуткан Гүлзат Аалиевага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

«Анын негизинде «Расалык, этникалык, улуттук жана аймактык кастыкты козутуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Анын негизинде 47 жаштагы Гүлзат Аалиева кармалды. Ал убактылуу кармачуу жайга киргизилди», — дейт ИИБ.

Милициянын маалыматында, экспертиза Гүлзат Аалиеванын постторунда динге, динди кармагандарга карата чагымчылдык бар деп тапты.

Белгилей кетсек, философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиева теңирчиликти жактап, исламды жана мусулмандарды сынга алып келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18