24.kg
09:57, 22 апреля 2021, 24.kg

Орусия тажик мигранттарына документтерин мыйзамдаштырып алууга убакыт берди

Москва Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн тажик жарандарына 30-июнга чейин укуктук макамын аныктап, документтерин мыйзамдаштырып алууга убакыт бергени белгилүү болду.

Орусия менен Тажикстандын тышкы иштер министрликтери, мамлекеттик миграция кызматтары жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү 20-апрелде Душанбеде жолугушуу өткөргөн. Анда Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн тажик жарандарына байланыштуу миграциялык абалды жөнгө салуу маселеси талкууланган.

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой 16-апрелде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып, мыйзамсыз жүргөн чет элдик эмгек мигранттары боюнча эскертүү берген. Анда ал Орусиянын аймагында Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандары 15-июнга чейин өлкөдөн чыгарыла турганын билдирген.

Орусиянын аймагындагы кыргыз эмгек мигранттарынын «кара тизме» көйгөйү 21-апрелде Кыргызстандын парламентинде да көтөрүлдү.

Орус бийлигинин ырасташынча, ушул тушта Кыргызстандын 115 миңден ашуун жараны миграциялык эрежелерди бузуп, мыйзамсыз жүрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18