24.kg
15:01, 21 апреля 2021, 24.kg

Садыр Жапаров казино жөнүндө мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгына байланыштуу билдирүү жасады.

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы «кара пиар» жасап жатышат», — деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көл облусунун аймагында оюн-зоок жайлары үчүн атайын аймак түзүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Аны 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18