24.kg
12:57, 21 апреля 2021, 24.kg

Баткенде мунай чыгаруучу завод май айынан тарта иштей баштайт

Баткен облусунун Лейлек районуна мунай иштетүүчү завод курулууда. Бул туралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлаган.

Маалыматка ылайык, чакан завод «Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан каржыланган. Учурда заводду ишке киргизүүгө байланыштуу чаралар көрүлүүдө. Ал эми «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому менен жылына 10 тоннага чейин мунай алуу тууралуу келишим түзүлгөн.

«Завод май айынан тарта толук кандуу иштеп баштайт. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүү сыйымдуулугун арттырып турат. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштеп чыгуусу күтүлүүдө. Анда дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарылат», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18