24.kg
12:53, 21 апреля 2021, 24.kg

COVID-19: 12 миңден ашуун адам эмделди

Кыргызстанда 21-апрелге карата 12 миңден ашуун адам коронавируска каршы кытайдын SinoPharm вакцинасы менен эмделди. Акыркы бир суткада бир жарым миңдей киши вакцина алды. Алардын 108ине эмдөөнүн экинчи дозасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын SinoPharm вакцинасы менен башталган.

Австриянын AstraZeneca вакцинасы келери, Орусиядан «Спутник V» вакцинасын алуу пландалып жатканы айтылган.

COVAX эл аралык программасынын алкагында 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3 миң 825 даана куту 19-апрелде келди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18