24.kg
09:36, 21 апреля 2021, 24.kg

Зеленский Путинге Донбасста жолугушуу уюштурууну сунуштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге Донбасста жолугушуу уюштурууну сунуштады.

Зеленский элге жасаган кайрылуусунда Украина согушту каалабай турганын, бирок өзүн коргоого даяр экенин билдирди. Ал жарандарды «согуш баштоого» чакырып жаткан саясатчыларды укпоого жана абалды чыңалтпоого үндөдү. Сөзүнүн аягында украин лидери орус тилинде Орусияга кайрылды.

«Бир жолу Орусиянын президенти согуштан качып кутулууга мүмкүн эмес экенин, алгачкылардан болуп сокку жасоо керектигин айткан. Бирок бүгүнкү күндө кеп миллиондогон адамдын өмүрү жана чыныгы согуш жөнүндө болуп жатканда, ар бир лидер согуштан качып кутулууга болорун түшүнүшү керек деп ойлойм. Мушташтан айырмаланып, согушта бардык тараптар утулат. Кол салуу менен кимдир бирөөнү коргоого болбойт», — деди Зеленский.

Анын айтымында, Украина менен Орусия келечекке эки башка көз карашта карайт, бирок аларда алдыдагы аскердик жоготуулардын алдын алууга мүмкүнчүлүк бар. «Путин мырза! Мен андан да ары барып, сизге согуш жүрүп жаткан Донбасстын каалаган жеринде жолугушууну сунуштоого даярмын», — деди ал.

Азырынча бул сунуш боюнча Кремлдин реакциясы белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18