24.kg
14:31, 20 апреля 2021, 24.kg

Бишкек шаардык кеңешке шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталды

Бишкек шаардык кеңешке шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталды. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Ал жергиликтүү кеңешке шайлоолор мыйзам бузуулар менен өткөнүнө даттануулар болуп жатканын белгиледи.

«Айрыкча Бишкек шаардык кеңешке шайлоо боюнча ызы-чуу көп. Жыйынтыгы кайра каралсын. Биз өлкөнү туура жолго түшүрөбүз десек, анда таза шайлоо өткөргөнгө көнүшүбүз керек», — дейт ал.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы КЭДП шайлоодон четтетти. Алар добуш сатып алууга шектелүүдө.

Ал эми «Ак-Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев шайлоодо эң көп добуш топтогон «Эмгек» партиясынынын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

Бишкек шаардык кеңешке 7 пайыздык бөгөттөн алты партия өткөн.  «Эмгек» (13,87 пайыз), «Ак-Бата» (12,15 пайыз) КЭДП (10,7 пайыз), «Ынтымак» (8,3 пйаыз), «Ата-Журт Кыргызстан» (9,63 пайыз), «Биздин эл» (7,73 пайыз) алышты. Алар үчүн 84 миң 842 адам добуш беришти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18