24.kg
16:47, 19 апреля 2021, 24.kg

Өзбек имамдары чет өлкөлүк сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салууну сунушташты

Ташкенттин Юнусабад районундагы мечиттердин имамдары телеканалдардан «моралдык жактан жергиликтүү менталитетке туура келбеген» сериалдар менен кинотасмаларды көрсөтүүнү токтотууну сунушташты. Бул тууралуу аталган райондук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, имамдар бул сунушун жаш түгөйлөрдүн ажырашуусуна арналган жолугушуу учурунда айтышкан. Район башчысы Жахонгир Ибрагимов катышкан иш-чаранын жүрүшүндө алар никеге туруп жаткан жаштарга үч айлык сабактарды өткөрүүгө даяр экендиктерин айтып, мектеп программасында өзүнчө сабак катары үй-бүлөлүк концепцияларды окутууну сунушташкан.

Бул Өзбекстанда чет өлкөлүк сериалдарды көрсөтүүнү токтотуу боюнча алгачкы чакырык эмес.

Буга чейин өлкөнүн айрым диний ишмерлери түрк сериалдарына каршы пикирлерин билдиришкен.

«Аялдар менен кыздар түрк сериалдарындагы келишимдүү жигиттерди ойлоп жүрүшөт. Социалдык түйүндөрдө тиги же бул актерду түш көргөнүн жазган кыздар көп. Күйөөсү бар аялдар түрк актерлорунун сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшөт. Бул кумсалардын төрөлүшүнө алып келет. Анткени аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлөт. Ошондой эле эгер эркек башка аялды элестетсе, лесбиянкалар төрөлөт», — деген 2018-жылы Ташкенттеги «Мирза Юсуф» мечитинин имамы Рахматуллох Сайфутдинов.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18