24.kg
14:58, 19 апреля 2021, 24.kg

Камчыбек Ташиев Кара-Суудагы жерди Ташкент менен кайра сүйлөшмөй болду

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районун Савай айыл аймагынан Өзбекстанга бериле турган 50 гектар жерди кайра Ташкент менен сүйлөшмөй болду. Бул тууралуу ал бүгүн район тургандары менен сүйлөшүу учурунда билдирди.

Айыл тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын боюндагы дөңсөнүн Өзбекстанга өтүп кетишине каршы чыгышты.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Өзбекстан суу сактагычтын сол тарабын тосуп, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 50 гектар жерди сураган.

«Алар азыр эле 20 гектарын мыйзамсыз тосуп алышкан. Анда мен Ташкентке барып, ошол эле 20 гектарды алгыла деп сүйлөшүүгө аракет кылайын. Бул протоколду толук бузуп албашы үчүн 20 гектарга көндүрөйүн», — деди ал.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, 50 гектардын ордуна Өзбекстан Араван, Аксы жана Кадамжайдан жер бермей болушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18