24.kg
12:59, 19 апреля 2021, 24.kg

Марипов Ош — Баткен — Исфана жол тилкесин реабилитациялоо ишин көзөмөлгө алды

«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору Ош-Баткен-Исфана жолунун транвспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган.

Белгилесек, долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат жана эки компонентти карайт:

1) Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо, 28-75 км (47 км);

2) Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу.

Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон.

Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат.

Белгилей кетсек, долбоордун ишке ашырылышы премьер-министр Улукбек Мариповдун жеке көзмөлүндө турат.

«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун донору болуп Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) саналат.

Кредиттин суммасы — 11,915 млрд. япон йени (болжол менен 116.47 млн. АКШ долл.), мамлекеттик бюджеттен 1,727 млрд. япон йени (болжол менен 16,88 млн. АКШ долл.) бөлүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18