24.kg
09:30, 19 апреля 2021, 24.kg

Орусия ИИМи өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттын чыгып кетүүсүн талап кылды

Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн постсоветтик мамлекеттердин миллиондон ашык жараны 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын отурумунда билдирди.

«Эгер мыйзамсыз жүргөн мигранттарды 15-июнга чейин өлкөдөн чыгара албасак, анда алар күч менен депортацияланып, алар үчүн өлкө чек аралары жабылышы мүмкүн. Бул боюнча өз өлкөңөрдө ЖМКлардын жана блогерлердин жардамы менен маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзсөңөр жакшы болор эле», — деди Горовой.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Орусиянын аймагында Өзбекстандын 332 миң, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Өткөн жумада Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков коронавирус пандемиясынан улам өлкөдө эмгек мигранттары кыйла азайганын, алар ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетишсиз болуп жатканын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18