Баткенде мектеп окуучуларынын арасында мушташ катталып, үч бала ооруканага түштү
Баткенде мектеп окуучуларынын арасында мушташ катталып, үч бала ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматы облустук Ички иштер башкармалыгы ырастады.
Маалыматка караганда, 15-апрель күнү саат 13.30дар чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-класстардын ортосунда топтошуп мушташ чыккан.