24.kg
10:19, 16 апреля 2021, 24.kg

Өзбекстанда өсүмдүк майы кескин кымбаттады

Өзбекстанда акыркы жумада өсүмдүк майы кескин кымбаттады. Өткөн аптада бир литри 21 000 сум (2 доллар) турса, 14-апрелде анын баасы 24 000 сумга (2,3 доллар) көтөрүлдү.

Өлкөнүн Монополияга каршы комитети баалардын жогорулашы «тышкы базарлардагы кымбаттоолорго жана өткөн жылдагы түшүмдүн аздыгына» байланыштуу экенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөгө жыл сайын 300 миң тоннадан ашык өсүмдүк майы керек болсо, 2020-жылы 450 миң тонна өндүрүлүп, анын жарымынан көбү импортко жөнөтүлгөн.

Ал ортодо өлкөдөгү Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федерациясынын өкүлү жергиликтүү өндүрүүчүлөр дүйнөдө азык-түлүктүн кымбаттаганын шылтоолоп, өсүмдүк майына болгон бааларды «негизсиз жогорулатып жатканын» билдирүүдө.

Ошол эле маалда Өзбекстанда акыркы апталарда азык-түлүктүн башка түрлөрү да кымбаттады. Эксперттердин айтымында, баалар орточо эсеп менен 34% жогорулады

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18