24.kg
10:05, 16 апреля 2021, 24.kg

CPJ Бишкекти шайлоодо кабарчылар кабылган басымды иликтөөгө чакырды

Кыргызстандын бийлиги шайлоо учурунда журналисттер кабылган куугунтукту, басым-кысымды иликтеп, алардын эркиндигин жана коопсуздугун камсыз кылышы керек. Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) атайын билдирүү таратты.

Анда 11-апрелде добуш берүү учурунда милиция кеминде төрт журналистти кармаганы, байкоочулар бир кабарчыга кол салган учур катталганы айтылат. CPJ кыргыз бийлигин бул жагдайларды иликтөөгө, кабарчылардын саясий окуяларды эркин жана коопсуз чагылдырышына шарт түзүүгө чакырды.

«Кыргызстанда шайлоолор эркин, акыйкат жана мыйзамдуу деп табылышы үчүн журналисттер аны эркин чагылдырып, куугунтукка кабылам деп коркпошу керек»-деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөн. Анын жүрүшүн чагылдырып жана байкоо салган «Клооп» порталынын кабарчыларына кол салуу болгон. Милиция бул окуяны Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен тергей баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18