24.kg
17:05, 14 апреля 2021, 24.kg

Түркия Түркмөнстанды кайрадан Түрк кеңешине кирүүгө чакырды

Жапониялык «Nikkei Asia» басылмасы Борбор Азиядагы таасир үчүн Түркия менен Орусиянын ортосундагы атаандаштык күчөп жатканы жөнүндө макала жарыялады.

Макалада Борбор Азия регионундагы Түрк кеңешинин ролу жана Орусиянын аймактагы мамлекеттер менен жакын мамилесин сактап калуу аракети жөнүндө жазылган.

Ага караганда, Орусия Анкаранын Түрк кеңешин түрк тилүү өлкөлөр менен тыгыз байланышты бекемдөө үчүн курал катары колдонуу аракетине каршы турары белгиленген.

31-мартта Түрк кеңешине кирген өлкө башчылары видеоконференция форматында формалдуу эмес саммит өткөрүшкөн. Кеңештин чакыруусу менен Саммитке түркмөн лидери да катышкан.

Расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп аталган Түрк кеңеши Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы түзүлгөн. Уюмда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия бар. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

Түркмөнстан бейтарап өлкө катары Түрк кеңешине мүчө эмес. Бирок Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогон бул жолугушууда Түркмөнстанды уюмга кошулууга дагы бир жолу чакырган. Түрк президенти былтыр декабрда да Түркмөнстандын эгемендик күнүнө карата түркмөндөргө видеокуттуктоо жолдоп, өлкөнү кеңешке мүчө болууга үндөгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18