24.kg
15:11, 14 апреля 2021, 24.kg

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинен 18-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоуна жолунун 132-137 (Төө-Ашуу ашуусу),198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-76, 86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18