24.kg
17:37, 13 апреля 2021, 24.kg

Тажикстан президенти фермерлерди орозо кармабоого чакырды

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон тажикстандыктарды Рамазан айынын башталышы менен куттуктады. Ал фермерлерге кайрылып, бардык күчтү ишке жумшоо керектигин, күндүз суу ичпей коюу алардын күчүн аларын айтып, орозо кармоодон баш тартууга кеңеш берди.

Ал бул сунуш ислам мыйзамдарына каршы келбейт деп эсептейт.

«Уламалар кеңешинин пикиринде, шариятта орозо оор шартта же кесиби азык-түлүк коопсуздугу менен камсыздоого байланыштуу болгон өнөр жай же өндүрүштө иштеген кишилердин жумушун кыйындатат. Буга байланыштуу алар орозо кармабай койсо болот. Алар бул ыйык жөрөлгөнү өздөрүнө ылайык башка маалда аткарса болот», —деп айтылат Рахмондун билдирүүсүндө.

Быйыл орозо жазгы талаа жумуштары күчөп турган маалга туш келди. Өлкөдө миңдеген кишилер талаада эмгектенүүдө.

Абанын температурасы 24 градуска жетип, талааларда эми барган сайын ысык боло баштайт. Эмомали Рахмондун сунушун тажикстандыктар олуттуу кабыл алышкан жок, адатта президенттин демилгелери дароо аткарылып келет.

Борбор Азиядагы беш өлкөдө ыйык Рамазан айы 13-апрелде башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18