24.kg
17:35, 13 апреля 2021, 24.kg

Сузакта кыз ала качуу катталды

12-апрель күнү, кечки саат 21:00 чамасында Сузак районунун аймагында кыз ала качуу фактысы катталды. Аталган маалымат Сузак райондук милиция бөлүмүнө түшкөн соң, тартип сакчылары тарабынан кыз ала качкандар район аймагынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, ала качууга туш болгон кыз аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кыз ала качууга шек саналган адамдардын тек-жайы такталууда.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл башынан бери ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18