24.kg
15:17, 13 апреля 2021, 24.kg

Өмүрбек Текебаев: Башкы прокуратуранын чечими мен үчүн күтүүсүз болду

Башкы прокурор Курманкул Зулушев чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик айыптоонун ага карата чечими күтүүсүз болду.

«Мен прокурор биринин артынан бири залга кирип келгенде жаман көзүм карадым. Алар күтүүсүздөн айыптоодон баш тартып жатканын айтышты. Бул башкы прокурор Курманкул Зулушевдин прокуратураны өзгөртүү аракети. Ал бул тармак чыккан адам эмес. Табиятынан күтүүсүз кадамдарга жасаганга жөндөмдүү. Убагында Ташиев менен Жапаровду дагы актап жиберген», — дейт ал.

Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун бул ишке кийгилишүүсүн четке кагат.

«Өзүңөр билесиңер декабрь айында Садыр Жапаров экөөбүз катуу кайым айтышканбыз. Бирөө менен өзүнүн жеке мамилеси карабай президенттин сот ишине аралашпаганы туура, ушундай болуш керек», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18