24.kg
16:39, 12 апреля 2021, 24.kg

Дары-дармек жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргызтандан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Аталган тыюу салуу өкмөттүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.

Аталган токтомдун максаты - калктын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык  буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө.

Документке ылайык, Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык  буюмдардын тизмеси тиркелген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18