24.kg
09:25, 12 апреля 2021, 24.kg

БШК: Референдумду шайлоочулардын 79,31% колдоду

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдун баштапкы жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатат.

Анын билдирүүсүндө, референдумга 3 606 225 шайлоочунун тизмеси катталган болсо, 21.30га карата добуш берүүгө 1 294 776 киши келди. Бул — шайлоочулардын 35,30% түзөт. Бюллетендердин 1 204 946 жарактуу (93%), жараксызы 89 830 (6,94%) болду.

Жалпысынан Кыргызстанда жана чет мамлекеттердеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Конституцияны өзгөртүүнү 1 26 917 шайлоочу (79,31%) колдоду. Каршы добуш бергендер 176 701 кишини же 13,65% түздү.

92% шайлоо тилкелеринен маалыматтар келип түштү. Добуштарды эсептөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18