24.kg
16:24, 09 апреля 2021, 24.kg

Эмомали Рахмон: Кыргызстан менен Ворухту алмашуу боюнча сөз болгон эмес

Кыргызстан менен Ворухту алмашуу боюнча сөз болгон эмес. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавынын тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал Ворухка байланыштуу интернетте ар кандай маалыматтар чыгып жатканын айтты.

«Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек»-деди Рахмон.

Рахмон кыргыз-тажик чек арасынын тактоо боюнча 2016-жылы келишим даярдалганын, ага кыргыз тарап белгисиз себептен улам кол койбой жатканын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18