24.kg
10:17, 09 апреля 2021, 24.kg

Ысык-Көлдө үч күндөн бери дайынсыз болгон келин күйөө чыгып алганын кабарлады

Ысык-Көл облусунда үч күндөн бери дайынсыз болуп, издөөгө алынган келин башка күйөөгө чыгып кеткенин кабарлады. Бул тууралуу анын кайыненеси билдирди.

23 жаштагы О.кызы Б 5-апрелде курбусу менен Балыкчы шаарына кеткен бойдон кайра үйгө келген эмес. Анын кайыненеси милицияга арыз менен кайрылган.

«Мен Кашат айылында жашайм. Уулум менен келиним 2019-жылы үйлөнгөн, Өрнөк айылында жашайт. Бир жашар кызы бар. 5-апрель күнү тишин дарылоо үчүн Балыкчыга кеткен», — деп маалымдаган кайыненеси.

Издөө салынгандан кийин келини өзү байланышка чыгып, Жумгал районунда экенин кабарлады.

"Ал Жумгал районунда турмушка чыгыптыр. Бирок. мен арызды кайра алган жокмун. Милиция кызматкерлери барып, келинимди алып келебиз дешти, — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18