24.kg
09:45, 09 апреля 2021, 24.kg

74 батир, 10 соода жай. Равшан Жээнбековдун карындашынын мыйзамсыз мүлкү табылды

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Равшан Жээнбековдун карындашы, Бишкек шаардык сотунун судься Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга айыпталууда. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Анын айтымында, Мира Жээнбекова мыйзамдуу киреше булагы жок болсо да кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана бир катар коммерциялык объектилерге ээлик кылат. 

УКМК судьянын 74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелерин аныктады.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 2001-2005-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун башкарган. Андан кийин Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеди. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18