24.kg
17:21, 08 апреля 2021, 24.kg

Айзада Канатбекованын өлүмү. Шектүү адам мурда үч ирет соттолгон

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады.

Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарынын Киров райондук сотунун чечими менен 158-берене («Уурулук») менен үч айга эркинен ажыратылган.

Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту аны 61-берене («Тоноо») менен эки жылга абакка кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.

Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны 162-берене («Карактоо»), 163-берене («Опузалап талап кылуу») менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18