24.kg
14:30, 08 апреля 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын окуясы боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу үн катты. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына 27 жаштагы Айзаданын уурдалып киши колдуу болгонун «терең кайгыруу менен кабыл алганын» билдирди. Жапаров кыргыз милициясын мыйзамдуулук менен тартипти биринчи орунга койбогону сындады. Жапаров Айзаданын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга жооптуулар катуу жазаланарын билдирди:

«Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат».

Жапаров бир нече жыл мурун ушундай ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайды да эскерген.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18