24.kg
11:58, 08 апреля 2021, 24.kg

Садыр Жапаров өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу милдетин койду

Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге өлкөнүн бардык облустарынан саламаттык сактоонун аймактык мекемелеринин жетекчилери катышты. Республикадагы азыркы күндөгү эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу, турукташтыруу боюнча зарыл чаралар талкууланды.

Медициналык мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясы пандемиясынын мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыгы, керектүү дары-дармектер жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылынгандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Садыр Жапаров медициналык мекемелерди дары-дармектердин запасы менен жетиштүү камсыздоо жана аларга кошумча койко-орундарды уюштуруу милдетин койду.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясын жуктурган учурларды эрте аныктоо боюнча иштерди күчөтүүгө көңүл буруп, тест-системалардын кошумча партияларын сатып алуу маселесин тезинен карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18