24.kg
17:19, 06 апреля 2021, 24.kg

Балыкчыда таштандыны сорттоочу жаңы завод ишке кирди

Photo 205182

Балыкчы шаарынын тургундары жаңы заводдун ишке кириши менен көркүн бузуп, шамал ары-бери учурган, бак-дарактарга илинген желим баштыктар, бош бөтөлкөлөр эми жоголот деген ниетте.

Мэриянын «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» ишканасы эки жылдан бери бул багытта тынымсыз иш алып барды. Долбоорду түзүүгө, бизнес-планды жазууга бир топ убакыт кетти. Мында «Кумтөр» кенин иштеткен компания көмөккө келди.

Photo 205183

2019-жылдын аягында долбоор жактырылып, компания «Жергиликтүү бизнес демилгелер» программасынын алкагында 5,5 миллион сом бөлдү. Бул пандемия башталган кезге туш келди. Андыктан таштанды сорттоочу жаңы завод 2021-жылдын январь айында гана ишке кирди.

«Бөлүнгөн гранттык акчага россиялык өндүрүштөн жабдууларды сатып алынды. Чек ара жабылып калып, аны убагында жеткире алышкан жок. Андан кийин жабдууларды орнотуу үчүн россиялык адистерди күтүүгө туура келди. Акыры адистер менен онлайн байланышуу аркылуу курап чыктык», — деп эскерет муниципалдык ишкананын директору Марат Таржиев.

Жыл сайын Балыкчы 17-18 миң тонна таштанды чыгарат.

Заводдун кубаттулугу жылына 20 миң тоннаны түзөт. Учурда жети киши иштөөдө. Желим, картон, темир жана айнек сорттолот. Иргелген таштандыны Бишкектеги «Пластик.KG» ишканасы алат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул тармакта ишмердигин улантмакчы. Алар эми таштандыны кайра иштеткен завод курмакчы. Ал үчүн кайра инвестор издеп жатышат.

Photo 205184

«Муниципалдык ишкананын алдында мындай өндүрүштүн ачылышы долбоордун уникалдуулугун көрсөтөт. Биз биосфералык зонада жайгашканбыз. Мында 70дей таштанды талаасы бар. Алардын санын 4-5ке чейин кыскартып, ар биринде сорттоочу жана кайра иштетүүчү жайларды куруу керек», — дейт Марат Таржиев.

Эгер жакынкы 50 жылда эч кандай чара көрүлбөсө, Ысык-Көл таштанды аймандыгына айланары бышык.

Аймактын күчтүү шамалы таштандыдагы желим баштык жана башка заттарды көлгө чейин учуруп турат. Калдыктарды жер астына көмүп сактоо дагы жакшы чечим эмес.

Долбоордун алкагында шаар ичине желим бөтөлкөлөрдү топтоочу чакалар коюлду. Балыкчынын мектеп жана бала бакчаларында кагаз жана желим үчүн атайын ящиктер пайда болду. Шаар бийлиги өсүп келе жаткан муунду азыртадан экологияга аяр мамиле жасоого көндүрү керектигин белгилейт.

Заводдо иштеген Айдар Жалгаев беш баланын атасы. Ал дагы шаар жетекчилигинин оюн колдойт.

«Эл акырындап айлана-чөйрөгө мамилеси өзгөрүп жатат. Мен бул жакка ишке киргенден кийин үйдө таштандыны бөлүп калдым. Эми кошуналарды дагы үйрөтүп жатам», — дейт Айдар Жалгаев.

Photo 205185

Заводдун кызматкерлери 08.00дөн кечки 17.00гө чейин иштешет. Айлык акынын көлөмү жасаган ишине жараша болот. Кызматкерлердин айтымында, үй-бүлөнү багууга жете турган туруктуу айлык акы менен камсыз.

Таштанды жайда сорттоочу цехтен сырткары, эки контейнер орнотулган. Анын биринде жумушчулар тамактанып, экинчисинде сортолуп, кысылган калдыктарды топтошот. Күнүнө 2 тонна таштандыны иргөөгө жетишишет.

«Кышында таштанды азыраак, жайында 4-5 тоннага чейин жетет», — дейт талаанын жетекчиси Кылычбек Азимов.

Кылычбек Азимов «Кумтөр» компаниясынын жардамы менен Балыкчы шаары тазаланып, Ысык-Көлдүн экологиялык абалы жакшырарына ишенет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18