24.kg
13:35, 06 апреля 2021, 24.kg

Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун китептери басылып чыкты

2-апрелде Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фондунун президенти, Ч.Айтматовдун үй-музейинин директору Элдар Айтматов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Чыңгыз Айтматовдун урду тилине которулган жана басылып чыккан китептеринин партиясын тапшырды.

Эрик Бейшембиев Элдар Айтматовду Кыргызстандагы жана Пакистандагы эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин пландаштырылып жаткан китептин расмий бет ачарына чакырды.

Элдар Айтматов Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу, китепти которууга көмөктөшкөндүгү үчүн Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле элчинин чакыруусун кабыл алды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18