24.kg
12:10, 06 апреля 2021, 24.kg

Аксыда төрөгөн жетинчи класстын окуучусу менен катнашта болгон шектүү кармалды

Аксы районунда төрөгөн жетинчи класстын окуучусу менен жыныстык катнашта болгон шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Буга чейин милиция «Зордуктоо» беренеси менен иш козгогон. Кылмышка шектелип, 17-жашар А.К. аттуу район тургуну кармалды», — дейт милиция.

1-апрель күнү Аксы районунда 7-класстын окуучусу төрөгөнү маалым болду. Эне-баланын саламаттыгы жакшы экендиги кабарланды. Окуядан кийин өспүрүм кыз окуган мектептин жетекчилиги кызматтан алынды. Ата-энеси дагы кызынын кош бойлуу экендигин байкаган эмес. Алар кызынын ичи ооругандыктан, сокур ичегиге күмөн санап ооруканага алып келишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18