24.kg
11:52, 06 апреля 2021, 24.kg

COVID-19. 55 жаштан өткөн жарандарга зарыл учурда гана үйдөн чыгуу сунушталды

Бишкек мэриясы 55 жаштан өткөн жарандарга зарыл учурда гана үйдөн чыгууну сунуштайт. Бул тууралуу вице-мэри Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаш курагы улгайып калган жарандар санитардык талаптарды бекем сактап, коомдук жайларга көп барбашы зарыл.

«Пенсиялык курактагы жарандарга үйдө болууну, зарыл учурда гана көчөгө чыгууну сунуштайбыз», — дейт ал.

Бишкекте эпидиомологиялык кырдаал курч катары бааланат. Акыркы суткада COVID-19дун 77 жаңы учуру катталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18