24.kg
12:09, 05 апреля 2021, 24.kg

COVID-19: оорунун үчүнчү толкуну май-июнда башталышы мүмкүн

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин божомолунда, коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда май-июнь айларында башталышы мүмкүн. Өкмөт өкүлү «Азаттыкка» ага чейин бир миллион адамды эмдөө пландалып жатканын билдирди.

«Былтыркы алгачкы толкун май-июль айларына туура келген. Антитела бир жылга жетет. Демек, быйыл май-июнь айларында күчөшү мүмкүн. Бирок, биз аны токтотуп калууга аракет кылабыз», — деди министр.

Министрдин айтымында, Орусиядан «Спутник V» вакцинасын сатып алууга казынадан 215 миллион сом бөлүнгөн жана препарат жакын арада алынып келинет. Бейшеналиев вакцина сатып алууга демөөрчүлөр дагы изделип жататканын кошумчалады.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда «кызыл зонада», бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18