24.kg
10:18, 05 апреля 2021, 24.kg

«Нарын» эркин экономикалык аймагы «Хоргос» менен кызматташат

«Нарын» эркин экономикалык аймагы жана Казакстандагы «Хоргос» эл аралык чектеш кызматташтык борбору ортосунда кызматташуу тууралуу биргелешкен меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле аймактар аралык форум өткөрүү макулдашылды. Мындай маалымат өкмөттүн сайтында жарыяланды. Бирок кызматташуунун жол-жобосу тууралуу кенен маалымат берилген жок.

2020-жылдын башында «Нарын» эркин экономикалык аймагынын демилгеси менен Ат-Башыдагы Кытай менен чектеш аймакка бажы-логистикалык комплекс куруу пландалган. Айрым экономисттер «Ат-Башы» терминалы Казакстандын Кытай менен чектешкен жериндеги «Хоргос» соода борборуна атаандаш хаб болорун белгилешкен.

Долбоордун жалпы наркы 280 миллион долларга бааланып, ага кытай ишкери түз инвестиция салары айтылган.

Долбоор ишке ашса, Кытайдын товарлары ошол жерден бажылык тариздөөдөн өтмөк. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгы менен келишимдер жокко чыгарылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18