24.kg
17:33, 02 апреля 2021, 24.kg

Тажикстан Жерге-Талдагы кыргыздарды тажик жарандыгын алууга мажбурлоодо

Тажикстан Жерге-Талдагы кыргыздарды тажик жарандыгын алууга мажбурлоодо. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен Москва шаарында жолугушуу учурунда министр Руслан Казакбаев билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Руслан Казакбаев тажик кесиптеши менен Москва шаарында жолуккан. Анда чек араны делимитациялоо маселеси талкууланган.

Аталган делегациялардын кийинки сүйлөшүүлөрүн жакынкы аралыкта Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылууда.

Министр Руслан Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Жерге -Тал аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

«Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктарга тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Кыргыз тарабы кыргыз мекендештердин укуктук статусун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү», — дейт ТИМ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18