24.kg
10:46, 02 апреля 2021, 24.kg

Каза болгон ТИМдин кызматкеринин ысмы вакцина алгандардын тизмесинде жок

Тышкы иштер министрлигинин каза болгон кызматкери Бактияр Шакировдун вакцина алгандыгы айтылууда. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, Бактияр Шакиров COVID-19га каршы эмдөөнү биринчилерден болуп өткөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Иммунопрофилактика республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, вакцина алгандардын арасында Бактияр Шакировдун ысмы жок.

«Эмдөөдөн өткөндөрдүн баардыгы электрондук базага киргизилет. Вакцина жүргүзүлүп жаткан бир да мекемеде Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери эмделген эмес», — дейт ал.

Гүлбара Ишенапысова ага карабай атайын комиссия түзүлүп, териштирүү жүрөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда Кытайдын SinoPfarm компаниясынын вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18