24.kg
17:15, 01 апреля 2021, 24.kg

Шайлоо. Илимпоздор жана дипломаттар «Биздин эл» партиясын тандашат

Бүгүн 24.kg агенттигинде мурдакы тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун жана башка илимпоз, мамлекеттик ишмерлердин катышуусунда маалымат жыйын өттү.

Чыгармачылык жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү алдыдагы Бишкек шаардык кеңешке шайлоого карата өз тандоосун жасады. Алар «Биздин эл» партиясын колдошот.

Photo 204525

Аскар Айтматовдун айтымында, жаш, прогрессивдүу жана өз шаары үчүн күйгөн активисттер Бишкек шаардык кеңешинин курамына кириши керек. Алар шаарды ыңгайлуу, көрктүү жана заманбап кылуунун жолун билишет.

Философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Алиева, «Биздин эл» партиясынын талапкерлери аткаминерлердин, же бизнесмендердин балдары эместигин белгиледи.

«Бишкекте пандемиянын экинчи толкуну учурунда так ушул балдар күнү-түнү иштеп, шаардыктарга жардамга келип жатышты. Алар өздөрүнүн саламаттыгын тобокелге салып иштешти. Алар жоопкерчиликтүү, чечкиндүү экендигин, Бишкекти аларга ишенүүгө болорун көрсөтө алышты», — дейт Гүлзат Алиева.

КУУнун профессору Памир Кадырбеков жаштарды колдоого чакырды. Ал «Биздин эл» партиясын «иш билги талапкерлердин партиясы» деп атады.

Photo 204526

«Биздин эл» — келечектин партиясы.

«Муундар алмашып, өзгөрүүлөр болуп туруш керек», — деди Кыргыз авиация институнун доценти Жыргал Исмаилова.

«Биздин эл» добуш берүү бюллютенинде № 3 номур. Бул ийгиликтүү сан.

«Адашпай тандаңыз! «Биздин эл» партиясына добуш бериңиз», — деп чакырат Кыргыз-Славян университетинин окутуучусу Мария Мухарова.

***

«Биздин эл» партиясынын шайлоо фондунан төлөндү. Финансалык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Т.А. Кенесарива. О

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18