24.kg
12:18, 01 апреля 2021, 24.kg

Кыргызстанда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлдү

Кыргызстанда президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлүп, Соттук реформа боюнча мурда түзүлгөн кеңеш жоюлмай болду.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон «Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө» жарлыкта жазылганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы 1-апрелде кабарлады.

Жарлыкка ылайык мыйзамдар боюнча талдоо жүргүзүү жана кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлөт.

Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдап чыгышы керек.

Кеңеш берүүчү жана консультативдик орган катары түзүлүп жаткан кеңешти президент Садыр Жапаров өзү жетектеп, курамына башкы прокурор, соттордун, атайын кызматтын жетекчилиги, экономика жана финансы, ички иштер, юстиция министрлери кирди. Ал эми мамлекеттик эмес органдардан кеңештин курамына «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова да киргени белгилүү болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18