24.kg
11:58, 01 апреля 2021, 24.kg

Коопсуздук-2021. Баткенде аскердик машыгуу башталды

Баткен облусунда аскердик машыгуу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Коргоо министрлигинин «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна 2 миңге жакын адамдар, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, артиллериялык системалар, авиациялык техникалар тартылды.

Биринчи этабында аймактын мамлекеттик башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарышат. Андан кийин аскердик машыгуу, өзгөчө кырдаал учурундагы элдерди эвакуациялоо, ички иштер органдарынын стратегиялык обьект Төрт-Гүл суу сактагычын кайтаруу аракеттери болот.

Бүгүн Баткен шаары жана районунда коменданттык саат киргизилет.

Машыгууга аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер,УКМК, ӨКМ, милиция жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18