24.kg
10:07, 01 апреля 2021, 24.kg

Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдакы министрине жооп берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдакы министри Хамрохон Зарифиге жооп берди. Анын билдирүүсү Facebook тармагына жарыяланды.

Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча сунушту Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимовго чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын сүйлөшүүсүндө расмий тапшырылгандыгы айтты.

«Тажикстандык аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттик чек ара маселеси боюнча мен тууралуу өзүнүн таарынычын жазыптыр. Мен ачыктык киргизгим келет. Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары мен эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн көзүнчө кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке Ворух анклавы боюнча биздин сунуштарыбызды бердим. Андан башка биздин жакын коңшу өлкөнүн дарегине бир да сөз айтканым жок», — дейт Камчыбек Ташиев.

УКМКнын жетекчиси Хамрохон Зарифи өзүнүн маданиятсыздыгын жана душмандык мамилесин көрсөткөнүн белгилеп, кыргызстандыктарды чагымчылыкка алдырбоого чакырат.

«Эмне үчүн анда Хамрохон аксакал пикирин абдан терс билдирип, каршылык мамилесин көрсөтүүдө? Балким менин өлкөмдүн кызыкчылыктарын чагылдырбаган сунуштарга макул болбогонум үчүндүр? Баарыңыздары чалгымчылдыкка алдырбай, Тажикстандын элине достук мамиледе болууга чакырам. Мага канча жалаа жапсаңар да, менин уулу кыргыз элиме тийбегиле», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Тажикстандын мурдакы тышкы иштер министри Кыргызстандын Ворухту айрым жерлерге алмашуу сунушун сынга алып, Ворух анклав эместигин белгилеген. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18