24.kg
11:39, 31 марта 2021, 24.kg

COVID-19. Бишкекте той жана башка иш-чаралага чектөө киргизилет

Бишкекте той жана башка иш-чаралага чектөө киргизилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖМК берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында чектөө киргизилет.

«Чечим бар. Биз аны бүгүн, же эртең жарыялайбыз. Той жана башка массалык иш-чараларга чектөө болот», — дейт ал.

Март айынан бери 88 миң 374 киши вируска чалдыгын, 1 миң 499 бейтап көз жумду.

Бүгүн бир суткада 98 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18