24.kg
17:30, 30 марта 2021, 24.kg

Moderna менен Pfizer вакциналарынын натыйжалуулугу реалдуу шартта аныкталды

Pfizer менен Moderna фирмалары чыгарган COVID-19га каршы вакциналардын жогорку натыйжалуулугу коронавирус жуктуруп алгандарга жардам берген медиктердин арасында жүргүзүлгөн иликтөө учурунда тастыкталды.

Бул тууралуу АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борборунун (СDC) отчетунда айтылат.

Эки вакцинанын эффективдүүлүгү 90% түзгөн. Вакциналардын биринчи дозасы вирустан 80% коргогон. Вакциналар бир нече жума тыныгуу менен эки жолу сайылат.

Иликтөөгө катышкан үч миңдей кишинин арасынан үч ай аралыгында 11 киши гана коронавирус жуктуруп алган. Бул клиникалык сыноолор учурунда белгилүү болгон. Иликтөө вакциналардын мутацияланган жаңы түрүнөн да коргоого кудуреттүү экенин көрсөткөн.

СDC башчысы Рашел Валенски вирустун улам жаңы түрү чыгып, адамзатты кооптондуруп жаткан маалда «бул иликтөө өтө чоң үмүт жаратууда» деп билдирди.

Дүйшөмбү күнгө карата америкалыктардын 29% COVID-19га каршы вакцинанын бир дозасын алды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18