24.kg
10:47, 30 марта 2021, 24.kg

Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 18:26 чамасында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 194-чакырымында (Тилекмат айылы) «Honda-Avancier» жана «BMW-525» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 35 жаштагы эркек кишини унаадан чыгарышкан. Ал эми, жабыркаган 2 эркек кишини (аты-жөндөрү такталууда) тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18