24.kg
09:34, 30 марта 2021, 24.kg

Эмомали Рахмон Ооган президенти Ашраф Гани менен жолукту

Ооганстан президенти Ашраф Гани Тажикстан коңшу өлкөдө ок атышуулардын токтоосуз түрдө аякташын жактай турганын билдирди. Тажикстанга расмий сапар менен келген ооган лидери «Азиянын жүрөгү — Стамбул жараяны» конференциясына катышат.

29-мартта Душанбеде Тажикстан жана Ооганстан президенттери Эмомали Рахмон менен Ашраф Гани жолукту. Тараптар экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү, ГЭС куруу тармагында кызматташуу, САSA-1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сүйлөшүштү.

Ашраф Гани журналисттер менен жолугушуу учурунда Ооганстан тынчыкка бир кадам калганын, ооган аралык сүйлөшүүлөр ийгилик менен аяктарынан үмүт артып турганын билдирди. Ганинин айтымында, Ооганстандагы коопсуздук коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Тажикстанга жагымдуу таасир берет.

«Тажикстандын токтоосуз түрдө ок атышууну токтотууну жактаганы — бул дүйнө коомчулугуна, «Талибан» кыймылына жана анын коргоочуларына кайрылуу», -деди ооган президенти.

30-мартта Эмомали Рахмон менен Ашраф Гани «Азия жүрөгү — Стамбул жараяны» конференциясына катышат. Конференцияда форумга мүчө 15 өлкөнүн тышкы иштер министрлери сөз сүйлөйт.

"Азия жүрөгү — Стамбул жараяны"— Ооганстан менен Түркиянын биргелешкен демилгеси. Алгачкы конференция 2011-жылы 2-ноябрда Стамбулда өткөн. Демилге аймактагы коопсуздукту бекемдөө, диалог жана ишеним аркылуу Ооганстан менен экономикалык жана саясий кызматташууну жакшыртууга багытталган

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18