24.kg
13:17, 29 марта 2021, 24.kg

Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты. Тойдо Мирбек Атабеков ырдады

Кримтөбөл Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Photo 203979

Маалыматка караганда, Камчы Көлбаевдин күйөө баласы 25 жаштагы Руслан аттуу жигит. Анын кылмыштуу топко тиешеси жоктугу айтылууда.

Үлпөт тойдун биринчи күнү «Арзу Грант», экинчи күнү «Версаль» ресторанында диний жөрөлгөлөр сакталып, аялдар менен эркектер эки башка залда олтургузулуп өттү.

Камчы Көлбаевдин үч кыз бир уулу бар. Санира 2017-жылы турмушка чыккан. Бул жолу Эркеайым аттуу ортоңчу кызын узатты.

Ага ырчылардан жаңы эле АКШдан келген Мирбек Атабеков чакырылып, бир нече ырын аткарды.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпберген Садыр Жапаровдун шайлоодогу утулушуна арналып, «Ала-Тоо» аянтында өткөн концертке барып ырдаган ырчыларды сынга алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18